Чек ара: Баткендеги кырдаалга байланыштуу кооптуу аймактан 11 миң адам эвакуацияланды

Чек ара: Баткендеги кырдаалга байланыштуу  кооптуу аймактан 11 миң адам эвакуацияланды

Баткендеги кырдаалга байланыштуу, соңку маалымат боюнча аймактан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алардын 10.4 миңи коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6000 ге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү.

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлгөн. Ошондой эле, Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Ага катар эле, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

«Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды», – деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери