Бүгүн, 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага КРнын Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов, КРнын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын КРдагы элчиси Латиф Гандилов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, соңунда ишкерлер ортосунда В2В жана В2G жолугушуулар өттү. Анын жүрүшүндө эки тарап кызматташууну түздөн-түз талкуулай алышты.
Азербайжандын инвестициялар, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана агрардык иликтөөлөр жаатындагы мамлекеттик органдардын башчыларынан турган эксперттик топту өлкөнүн экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеп келди.