Энергетика министрлиги Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз айылдарында электр жарыгы кечээ, 28-январда чек арадагы атышуулардан улам өчүп калганын кабарлаган.
Министрлик аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керектигин билдирди.
«Уруксат берилсе гана кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин баштоого даяр турат», – деп айтылат билдирүүдө.