Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Өзгөн районунда 14 чакырым жолдун курулуш долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү уна жолунун курулуш долбоору менен таанышуу учурунда айтылды.
Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт.
Бишкек – Ош жолунда Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа агылып өтөт, натыйжада, жол тыгындары жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралууда. Андыктан Транспорт министрлиги бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп, долбоорду иштеп чыгууда.