Ош мэриясы 2021-жылдын отчетун берди

Ош мэриясы 2021-жылдын отчетун берди

Кечээ, 26-январда Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылга карата жыйынтыгын чыгарган биргелешкен коллегиялык отуруму өттү. Ага Министерлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышкан..

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2021-жылдагы жыйынтыгы жана 2022-жылга карата милдеттер жөнүндө маалымат берди.

Өндүрүш жана тейлөө

  • Өнөр жай ишканалары тарабынан 2021-жылы 5 млрд 654 млн сомдук (2020-жылы 4 млрд 493.4 млн. сом болгон) продукция өндүрүлгөн
  • 1 млрд 449 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101.9%ды түздү
  • Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2021-жылы 8 млрд 534 млн сомду түзүп, 2020-жылга караганда 360 млн сомго көбөйгөн
  • Шаардын чарба жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2021-жылы 72.3 млрд сомду (2020-ж. 56 млрд. сом) түздү
  • 2021-жылы жалпы 1742 жумуш орундары түзүлгөн.

Бюджет жана курулуш

  • Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү (атайын каражаттарды кошпогондо) 102.9%га аткарылып, такталган пландан 36 млн сомго көп аткарылды . 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 252 млн сомго көп жыйналып, өсүү темпи 123.9% түзгөн.
  • 2021-жылга жергиликтүү бюджеттен капиталдык курулуш тармагына 202 млн сом акча каражаты каралган
  • Шаар бюджетинин эсебинен 3 бала бакча, 1 ФАП курулуп, пайдаланууга берилди
  • Республикалык бюджеттин эсебинен 87.6 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында узундугу 7200 метр суу түтүктөрүн тартуу, сыйымдуулугу 500 метр кубдук 2 суу кампа, 2 насос орнотуу иштери жүргүзүлүүдө
  • Көп жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу токтоп калган 4 мектепке акча каражаты бөлүнүп, азыркы учурда кайрадан курулуш иштери жандандырылды
  • Жолдорду оңдоп-түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 103.2 млн сом акча каражаты бөлүнүп, жыл ичинде 8.5 км жол жаңыдан асфальтталган.
  • Ипотекалык фонддун эсебинен 3 көп кабаттуу үйлөрдүн (215-батир) курулуштары башталып, Достук кичи районунда 90 батирлүү үйдүн курулушу бүткөрүлсө, Курманжан-Датка көчөсүндөгү 80 батирлүү үйдүн курулушу жакынкы күндөрдө аяктайт. Ал эми Көкүм-Бий көчөсүндөгү 45 батирлүү үйдүн курулушу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы өнүгүү программанын алкагында дагы 3 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталмакчы.

Донорлор жана мамлекет көрсөткөн жардам

  • 2022-жылы Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентство (АРИС) аркылуу Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалган. Долбоордун алкагында туризм багытына 6 млн доллар бөлүнөрү пландаштырылып, шаардагы туристтик обьектилерди реконструкциялоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, Алишер Навои эс алуу багынын бир бөлүгүнө эс алуучу жай куруу, Ош шаарынын борбордук аянтына фонтан куруу боюнча кичи долбоорлор даярдалып жатат.
  • Андан сырткары Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоого 4 млн доллар КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу бөлүнүп жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери