Быйыл үч чакан ГЭСтин курулушу башталат. Оптимисттик божомол менен жыл аягына чейин кошумча 1000 мегаватт киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди.
Депутат Эмиль Токтошев Энергетика министрине Токтогул суу сактагычында суу аз калгандыгына байланыштуу башка электр жарыгын өндүрүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын сурады.
«Быйыл үч чакан ГЭСтин курулушу башталат. Анын ичинен 25 мегаватт кубаттуулугу менен Бала-Саруу ГЭСти жылдын аягына чейин бүтүрүүгө аракет кылабыз. Андан тышкары, 1-2 күн энергия станциясын ишке берүү мүмкүнчүлүгү бар. Арап, Кытай, Түркия өлкөлөрүнөн келген инвесторлор менен тарифтик саясатты талкуулап, бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөрүбүз финишке чыгып калды. Оптимисттик божомол менен жыл аягына чейин 1000 мегаватт киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, – деди министр.