Кыргыз – Иран кызматташтыгынын өркүндөтүү максатында жазында Бишкекте Ирандын Соода үйү ачылып, жайында мамлекеттик деңгээлде көргөзмө өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатысынын маалымат кызматы билдирди.
Палатанын берген маалыматына караганда, кечээ, 25-январда Соода-өнөр жай палатасында вице-президент Роман Касымов менен Ирандын Кыргызстандагы Элчисинин биринчи кеңешчиси Таги Ростамиян менен жолугушуусу өткөн.
Анын алкагында эки тарап соода-экономикалык кызматташууну андан ары бекемдөө жана эки өлкөнүн жеке ишкерлери үчүн шарттарды түзүү багытында ой-пикир алмашышкан.
«Буга бир мисалы катары Кыргызстан жана Иран Палаталары алдында жакында түзүлгөн Биргелешкен бизнес-комитеттин потенциалы талкууланды. Жолугушуунун өзөктүү темаларынын бири март айында Бишкекте Ирандын Соода үйүн ачуу жана Ирандын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга келүү шарттары болуп калды. Ал эми быйыл июнда «Kyrgyzstan – Iran 2022» мамлекеттик деңгээлдеги көргөзмө өтүшү пландалууда. Аны КРнын Соода-өнөр жай палатасынын «Кыргызэкспоборбору» уюштурмакчы», – деп айтылат билдирүүдө.