Азербайжандан келген делегация мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушат

Азербайжандан келген делегация мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушат

Бүгүн, 27-январда Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов менен Азербайжандан келген эксперттик топтун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Азербайжандын Экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров инвестиция, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана айыл чарба тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринен турган эксперттик топту жетектеп келди.

Баясов КР эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара ишенимге жана өз ара кызыкчылыкка негизделген Азербайжан менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Белгиленгендей, тараптар диалогду активдештирүү жана мындан аркы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга көмөктөшүү боюнча макулдашышты, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун жана биргелешкен ишканаларды түзүүнүн өзгөчө ролун белгилешти.

Өндүрүштүк потенциал жана өнүктүрүү тажрыйбасы менен таанышуу үчүн азербайжандык делегация Бишкек ЭЭАга барат, ошондой эле мамлекеттик органдар жана ата мекендик бизнес түзүмдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Эки тараптуу ишкердик байланыштарды өнүктүрүү үчүн 28-январда КРнын ишкер чөйрөлөрү менен бизнес жолугушуу өткөрүү пландаштырылууда, анын алкагында пич-сессия жана B2B жолугушуулары өткөрүлөөрүн агенттиктен билдиришти.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери