2022-жылдын январь айында бюджеттин кирешеси 11.8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.5 млрд сомго көп. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы бюджет 5.6 млрд сомдук профицит менен толук көлөмдө аткарылган. «2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчү 400 млрд сомду түзүшү керек», – деди ал.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары астында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, облус жөнүндө толук маалыматты камтыган аймактын санариптик картасын иштеп чыгуу, мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү, өндүрүштүк ишканаларды коргоо жана аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат.
Акылбек Жапаров 2022-жылы Ош облусунда 100 ашуун объектиде курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.