Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов комитетте колдоо таппаган талапкер элчи болуп бекитилгенин айтты.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар Идрис Кадыркулов талапкерлигин колдогон эмес. Эл өкүлдөрү Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери тууралуу суроолорду беришкен.

Жыйында Айбек Осмонов: «Комитетте Украинага дайындалчу элчинин талапкерлигин карадык. Ал комитетте колдоо тапкан жок. Бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес болуп калды. ТИМ андай болсо комитетке алып келбей эле шайлай бербейби, ал жерде талкуу болуп, анда колдоо таппаган адам Элчи болуп дайындалып отурат. Ушул тууралуу жакшыраак сүйлөшсөк», – деди  депутат.

Ал эми комитет каршы болгонуна карабай, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кадыркулов Идрис Анарбекович КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган.

Эске салсак, УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматынан кеткен болчу. Комитетте суроолор да дал ошол чыр тууралуу болуп, ал колдоо тапкан эмес.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, Баш мыйзамдын нормаларына ылайык, Кыргызстандын элчилерин, чет өлкөдөгү өкүлдөрүн президент дайындап, чакыртып алат.

«Жаңы Конституциянын нормасы боюнча президент КРнын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакыртып алат, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним грамоталарын кабыл алат. Бул жаңы Конституциянын нормасы. Эгерде бир мыйзам менен экинчи мыйзам карама-каршы келсе, Баш мыйзам түздөн-түз иштейт. Ошондуктан президент Украинага биздин элчини туура көрүп дайындады», – деди Абытов.

Депутаттар мындай болушу алдын ала белгилүү болсо, анда талапкер парламентке алып келинбеши керектигин айтышып нааразы болушту.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери