«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунуна даярдык апрель-май айларында башталат жана ал 2.8 млрд долларга бааланды. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, долбоорду курууга катышчу өлкөлөрдө кошумча суроолор болуп жаткандыктан кыргыз бийлиги ГЭСтин курулушуна даярдыкты баштай берүү чечимин кабыл алган. Учурда ГЭС курулчу жайга кайык менен гана барууга болот, жөө да басып бара албайсың. Жаз айларында жолдор, көпүрөлөр салынып, инфраструктурасы оңдолуп, анын курулушуна даярдык башталат.
«Кечээги кырдаал бизге «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун актуалдуулугун көрсөттү. Ал долбоордун кубаттуулугу 1860 мегаватт, Техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан жана ал 2.8 млрд долларга бааланган. бүгүнкү күндө биз коңшу өлкөлөр менен чогуу салабыз деген ниеттерибиз бар», – деди Бекмурзаев.
Ошондой эле министр кечээ масштабдуу электр жарыгы өчкөндөн кийин Бишкек ЖЭБи дагы 12 мүнөт иштеп турганын кошумчалады.
«Биздин оперативдүү күзөт кызматкерлерибиз баарына дайын экенине көзүбүз жетти. Бул Орто Азиянын энергосистемасынын тарыхындагы биринчи жолу жаралган штаттан тышкаркы кырдаал болду. Канча зыян тартылганын кийинчерээк эсептейбиз. Жарык өчкөндөн кийин Бишкек ЖЭБи дагы 12 мүнөт иштеп турду», – деди ал.