Бүгүн саат 16.00дө Бизнес-омбудсмен Институту Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишкерлер үчүн «КРнын жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн суроо-жооп сессиясын өткөрөт.
Сессиянын модератору – бизнес-омбудсмендин орун басары Сергей Пономарев болмокчу, ал эми чакырылган конок – Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов болот.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 28-январына чейин салык төлөөчүлөр кайсы салык режиминин негизинде иштей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алып, салык органдарына арыздарын бериши керек.
- Онлайн сессияга бул шилтеме аркылуу кирүүгө болот: https://us02web.zoom.us/j/83255998313?pwd=TWYrblpRN1VDd0MyRWtYejNOaERJdz09
- Байланыш телефондору: 0222 911 330, 0312 979 717.