Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Быйыл «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу кечээ, 25-январда Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлгөндөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, курулуштун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 418 млн доллар керектелет, дээрлик 18.8 млн доллар капиталдык салымдарга – инфраструктураны курууга жана курулушту баштоону даярдоого каралган. Жапаров Финансы министрлиги акчаны эчак эле тапканын билдирди.

Кабинеттин башчысы курулуш республикалык бюджеттин жана инвестициянын эсебинен пландалып жатканын кошумчалады. Казакстан менен Өзбекстан да долбоорго катышууга даяр экендиктерин билдиришкен. Азыр энергетиктердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, андан соң аларга экономисттер, финансисттер кошулат. Акыркы чечимди мамлекет башчылары кабыл алат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери