УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү башталды

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү башталды

УКМКнын маалымат кызматы бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталганын билдирет.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскертет.

«Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүккө кепилдик берилет», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

3 айга созула турган бул иш-чаранын алкагында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерилет. Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен УКМК билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык денгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз — Акылбек Жапаров 26 января 2023 г.    13:24
ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды 26 января 2023 г.    12:00
Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды 26 января 2023 г.    11:34
Швейцария берген 9 млн доллар Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарына бөлүнөт 26 января 2023 г.    11:25
Алгачкы төлөмгө каражаты жок жарандар «Кепилдик фонддун» колдоосу менен үй алышса болот 26 января 2023 г.    11:05
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери