Электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу «Манас» аэропорту автономдуу электр менен камсыздоого өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
«Учууларды кабыл алууда эч кандай көйгөй жок. Аэропорт үзгүлтүксүз иштейт, бирок толук режимде эмес. Бишкек-Исламабад чартердик рейсине каттоо убактылуу токтотулду», – деп билдиришти аэропорттон.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттердин бир топ аймактарында электр жарыгы өчтү.