Кыргызстанда азыркы салык системасын түшүнүүгө жардам берген виртуалдык салык консультанты «Салык-бот» ишке кирди.
Аталган Telegram-ботту юристтер Султан Калыбаев менен Жазгүлүм Ысакбекова түзүшкөн. Бул салык режимдери жана анын түрлөрү, алар боюнча ким кантип иштейт, аларды төлөөгө кимдер милдеттүү экендигин түшүнүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, виртуалдык жардамчы салыктарды төлөөнүн тарифтери, тартиби жана мөөнөттөрү, отчеттуулук, жеңилдиктер жана салыктан бошотуулар жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле ал жерде чыныгы консультант менен баарлашуу функциясы да бар.