Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иликтөө иштери жүрмөйүнчө электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин атабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында айтты.
Ал билдиргендей, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын түштүгү бирдиктүү энергетикалык шакекчеде иштешет.
«Бул биз үчүн ишеничтүү. Бирок бүгүн мен комментарий айткым келбеген жагдай болду. Тергөөлөр болот, кийин эмне болгонун жарыялайбыз. Бирок биз бир тууган элдербиз жана чогуу иштешибиз керек экенин белгилегим келет. Союздун тушунда болгон энергетикалык шакекче ишенимдүү иштеп жатат», – деди министр.
Министр учурда ар бир өлкө өзүнүн иштөө режимин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат, андан кийин республикалар кайрадан бир шакекчеге кошулушаарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр жарыгы өчтү. Анын себеби катары Казакстандагы чыңалуудан чыккан авария айтылууда.