Электр жарыгы өчкөн учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына республики боюнча 500гө жакын чалуу болгон. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн эмес. Жарандардын чалуулары тек гана электр жарыгы эмне себептен өчкөдүгү жана качан күйө тургандыгы тууралуу болгон.
Учурда мекеме 112 кызматы үзгүлтүксүз иштеп жатканын жана ӨКМдин Куткаруу кызматтары ыкчам түрдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.