Экономика министрлиги кош салыкты алып салуу боюнча Гонконг менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын аяктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Гонконгдун ортосунда 17-21-январында видеоконференция форматында кирешеге жана капиталга салынган кош салыкты алып салууну макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Министрлик онлайн жолугушуунун алкагында тараптар аталган келишим долбоорунун беренелерин талкуулап, тиешелүү маалымат алмашышканын билдирди.
Кош салык салуу – бул ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен кирешеге бир убакта салык салуу. Эл аралык кош салык – бир эле убакта 2 (же андан көп) мамлекетте салык төлөөчүгө бир эле объект үчүн салыштырмалуу окшош салык салуу. Э. к. с. товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашууга, капиталдардын, технологиялардын жана адамдардын кыймылына терс таасирин тийгизет. Бул негизги 2 ыкма менен жоюлат: бир тараптуу (ички салык мыйзамынын жардамы менен) жана көп тараптуу (2 же андан көп мамлекеттин ортосундагы кош салык алуудан качуу жөнүндөгү келишимдердин жардамы менен).