Казакстандын электр тармактарын башкаруучу компаниясы (KEGOC) Казакстандагы электр жарыгынын өчүрүлүшү электр энергиясына «күч келгендигине» байланыштуу болгонун Tengrinews.kz билдирди.
«2022-жылдын 25-январында саат 11:59да (Нур-Султан убактысы боюнча) Борбордук Азиянын (Өзбекстан, Кыргызстан) энергетикалык тутумунда түзүлгөн олуттуу авариялык дисбаланстын кесепетинен 500 кВ электр энергиясынын транзити үчүн электр энергиянын кескин жогорулашы байкалган. «Казакстандын түндүк-чыгыш-түштүгүндө», – деп айтылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында Казакстандын түштүк аймагындагы керектөөчүлөрдүн олуттуу бөлүгү «Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстандын» транзитинин авариялык абалга түшкөнү белгиленген.
Өзбекстандын Энергетика министрлиги да Казакстандагы аварияга шилтеме жасап, электр жарыгынын жоктугун түшүндүрүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы расмий Telegram-каналына жазды.