Бийлик базарларда ККМди милдеттүү колдонууну жокко чыгарууну пландоодо

Бийлик базарларда ККМди милдеттүү колдонууну жокко чыгарууну пландоодо

Бийлик жаңы Салык кодексинин 128-беренеси боюнча жаңы токтомду киргизүүнү жана базарларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууну жокко чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

128-берене ККМ колдонууну жөнгө салат. Анда ККМ колдонбосо боло турган субъекттердин тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат деп айтылат.

«Жаңы токтомдо ККМ колдонулбай турган объектилердин тизмесин белгилөө пландалууда. Бирок азырынча бул канча убакытка созулары белгисиз», – деп билдиришкен өздүк булактар.

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Салык кодексине ылайык, ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөрү, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин республиканын бир топ аймактарында жана Бишкекте базардагы жеке ишкерлер ККМди колдонууга каршы болуп, нааразычылык акцияларына чыгып жатышкан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери