Кыргызстанда эле эмес, коңшу мамлекеттердин бир топ аймактарында да электр жарыгы өчтү.
Энергетика министрлиги жарыктын өчкөнү тууралуу маалымдап, бирок кайсы жерден авария болгонун так айткан жок.
««Бардык Борбор Азияда электр энергиясы өчтү. Учурда Казакстан менен Өзбекстанда да электр жарыгы жок. Кыргызстан энергетикалык шакекчеден чыгып, 30 мүнөттүн ичинде энергия берүүнү кайра баштайт. Паника болбоңуздар, баары көзөмөлдө», – деп билдирди Министрликтин маалымат кызматы.