2021-жылы транспорт тармагына 3.8 млрд сом бөлүнгөн

2021-жылы транспорт тармагына 3.8 млрд сом бөлүнгөн

Кечээ, 25-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Тагыраагы, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы – Тамчы –Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286.5 млн сом каралган.   

«2021-жылы 147 км узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом» – деди Кайынбаев.

Анын билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат.  

Эскерте кетсек, жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тыштан келген жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

Кыргызстандын эң ири тышкы донору болуп Кытай, тагыраак айтканда, Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкы эсептелет. Бул каржы институту «Түндүк – Түштүк», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Ош – Сарыташ – Эркештам» жолдорун кошкондо, 9 жол долбоорун каржылайт.

Эксимбанктан каржылоо насыялык негизде гана жүргүзүлөт (1.1 млрд доллар). Өз кезегинде, КЭР өкмөтү 102.9 млн долларлык грантты Бишкек шаарындагы көчөлөрдү оңдоо боюнча долбоорлорго берген болсо, «Ош – Эркештам» унаа жолун курууну биргелешип каржылоого макулдашкан.

Азия Өнүктүрүү Банкы дагы КРнын жол тармагында активдүү донор болуп саналат: банк жалпысынан 642.6 млн доллар бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар. Борбордук Азия Регионалдык Экономикалык Кызматташтык (CAREC) демилгесинин алкагында Азия банкы «Бишкек – Ош», «Бишкек – Нарын – Торугарт», «Бишкек – Алматы», «Түндүк – Түштүк» жолдорунун бөлүктөрүн курууну жана калыбына келтирүүнү каржылаган.

Япония – Кыргызстандын жол тармагындагы үчүнчү ири донор. Жалпысынан 1992-2020-жылдар аралыгында ал 316.9 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн, анын 76.69 млн доллары грант түрүндө берилген. Япониянын эсебинен «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо, «Бишкек – Ош» авто жолун калыбына келтирүү боюнча долбоорлор каржыланган. Учурда Япониянын жардамынын эсебинен Үрмарал дарыясына көпүрө куруу, «Бишкек – Ош» унаа жолунун айрым тилкелеринде кар көчкүсүн тосууга арналган курулуштардын жабдуу иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди 3 февраля 2023 г.    16:35
Япониянын Muroo Systems Corporation компаниясы Каракөл ГЭСин өз каражатына курууга кызыкдар 3 февраля 2023 г.    16:00
Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт — Акылбек Жапаров 3 февраля 2023 г.    15:46
Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү 3 февраля 2023 г.    14:19
Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн 3 февраля 2023 г.    14:12
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө? 3 февраля 2023 г.    12:28
Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти 3 февраля 2023 г.    11:25
МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет 3 февраля 2023 г.    10:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери