Кыргызстандын түштүк региондорунда бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азаюуда. Бул абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу. Ошондой эле Өзбекстан газ экспорттоону токтотуу планы туурасында дагы расмий билдиргенин «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
«Өзбекстандан чыккан газды жеткирип турган «Газпром экспорт» ишканасы жана өзбек кесиптештер менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Мындай көйгөй жылда күз-кыш мезгилинде керектөө өскөн сайын жаралып турат. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасы азайганына байланыштуу түштүк тарапка газдын экспорту төмөндөй турганы айтылды. Мындан сырткары, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоо кыйындап, жылытуу сезонунда чектөөлөр киргизилет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдиргенин да белгилей кетүү керек», — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме бул көйгөйдү чечүүнүн бир ыкмасы катары республикада газ чыгарууну өнүктүрүү зарылдыгын, бул түштүктөгү облустарды энергетикалык ресурс боюнча көз карандысыздыкка жеткире тургандыгын белгиледи. Ошондой эле авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго газ берүүдө чектөөлөр киргизилет.