Бүгүн, 24-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 348 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Өткөн жылы суунун көлөмү 14.7 млрд кубду түзсө, быйыл анын көлөмү 9 млрд 348 млн куб метрге чейин азайды. Декабрь айынын башында 10.8 млрд куб метр болчу.
Белгилей кетсек, быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болду. Натыйжада, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, бул өлкөдө энергетика тармагында кризистин күчөшүнө алып келди.
Маалыматка ылайык, учурда суунун агып келиши секундасына 149 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 600 куб метрге жетүүдө.
Эске салсак, 2008-2009-жылдары Кыргызстан азыркыдай энергетикалык кризисти баштан өткөргөн. ЖМКдагы архивдик булактарга таянсак, суунун көлөмү 2008-жылы – 8.8 млрд куб метр болсо, бул көрсөткүч 2009-жылы – 9.4 млрд куб метрди түзүп, бир аз көтөрүлгөн.
Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – 19.5 млрд куб метр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 млрд куб метрди түзүшү керек.