Президент Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорунан баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына билдирди.
Ал белгилегендей, бул демилге көптөгөн талаш-тартыштар жана талкуулар менен коштолду.
«Биз эки жолу президенттин каршы пикирине макул болдук, үчүнчү жолу мыйзам долбоорунун таптакыр кереги жок деп айтты. Мен бул мыйзам долбооруна бир нече жолу каршы добуш берип, менин позициям туура болуп чыкты. Болду, бул документтин Министрлер кабинетине да, президентке да кереги жок. Бул долбоордун айынан канча тартыш, талкуулар болду,канча убакыт текке кетти», – деди депутат.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында Жогорку Кеңеш Кыргызстанда экономикага өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзам кабыл алган. Мыйзам бир эле учурда үч окууда кабыл алынган болчу. Аталган мыйзам кабыл алынганга чейин коомдук угуулар болгон эмес, ал тургай регулятивдик таасирди талдоо да жүргүзүлгөн эмес.