Мамлекеттик салык кызматы (МСК) КРнын аймагы аркылуу авто унаа менен товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоорду 2022-жылдын 15-февралына чейин узартты. Бул тууралуу органдын маалымат кызматы билдирди.
Навигациялык пломба ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КРнын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу автотранспорттук каражаттар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин контролдоону камсыздоо жана тышкы экономикалык иштердин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат.
Көрсөтүлгөн мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба эшиктердин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана транспорттук каражаттын (контейнердин) жүк турган бөлүктөрүнө илинет.
Пилоттук долбоорго КРнын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – FORESTER, «Сибирь Трейд», «Глобал Риверс», «Крона Трейд», «Тобако Маркет», «Росс Табак» ЖЧКлары катышууда. Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн транспорт каражаттарынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде орнотулат.