2021-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 1.3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу 22-январда Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Кыргыз-кытай жергиликтүү товарлардын эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.
Баясовдун айтымында, импорт – 1.2 млрд долларды, ал эми экспорт – 59 млн долларды түзгөн. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода 80%га өскөнүн, бул дүйнөлүк тышкы инвестициянын агымынын көбөйүшү менен байланыштуу экендигин белгиледи.
Ошону менен бирге, январь-сентябрь айларында Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 139 млн долларды (бардык түз инвестициялардын үлүшүнөн – 28%), өсүү 122%ды түзгөн.
Белгилей кетсек, көргөзмөнү Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы Ассоциациясы Инвестициялык агенттиктин активдүү жардамы менен уюштурган.