Чүй облусундагы кампадан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук суусундуктар табылды

Чүй облусундагы кампадан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук суусундуктар табылды

Салык кызматы Чүй облусунан күмөндүү акциздик маркалар менен 50 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды. Бул тууралу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Сокулук району боюнча күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды сатуу максатында сакталган кампаны аныкташты.

Жалпысынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 50 миң 744 бөтөлкө ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголь тартылып алынды. Анын ичинен 30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миң 744 бөтөлкө жүк ташуучу унаадан табылган.

Рейддик салыктык контролдун материалдары жана тартып алынган продукция КРнын мыйзамдарына ылайык, чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
КР өткөн жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө 20 млрд сом бажы төлөмдөрүн которду 25 января 2023 г.    10:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери