Болот Темировдун тарапташтары милиция тарабынан сабалды

Болот Темировдун тарапташтары милиция тарабынан сабалды

Экс-башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн Facebook баракчасында журналист Болот Темиров жана акын Болот Назаровдун колдоочуларын милиция кызматкерлери ур-токмокко алгандыгы тууралуу билдирди.

Анын айтымында, журналист менен акынды тарапташтары Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган.

«Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?! Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!», – дейт Салянова.

Эскерте кетсек, журналист Болот Темировду күч кызматкерлери 23-январга караган түнү кармап кетишкен. УКМК алар баңги затка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын билдирген. Бирок журналист бул атайын жасалганын айткан болчу.

Белгилей кетсек, ага чейин Темиров Live каналы «2 күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы, Садыр Жапаровдун жообу!» деген материалын жарыялаган эле. Анда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин мазутту экспорттогон компанияга тиешеси бар экени айтылат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери