Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров алтын чыгарган фабриканын ишмердүүлүгү, өндүрүштүн калдыктарын кургак сактоочу жайдын абалы менен таанышып, андан соң алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.
Белгилей кетсек, ишканада 1367 жумушчу оруну түзүлгөн, ал эми кызматкерлердин 97%ы КРнын жарандары (алардын 70%ы Талас облусунун тургундары) болуп саналат.