АКШ КРга Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын берди

АКШ КРга Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын берди

22-январда АКШ КРга COVID-19 илдетине каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилгенин АКШнын КРгы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

«Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. АКШ КРнын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушу үчүн каржылоону улантат», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери КРга Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык биринчи дозасын алган.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери