«Росатом» менен Энергетика министрлиги чакан атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Россиянын мамлекеттик корпорациясынын байланыш бөлүмү билдирди.
«Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаев документке 20-январда Дубайда өтүп жаткан «Экспо-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында кол коюшту. Белгилей кетсек, ал жерде 20-январда Россиянын аз кубаттуу өзөктүк технологияларынын бет ачары өткөн эле.
Меморандумдун алкагында тараптар Кыргызстандагы RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле Кызматташуу жөнүндө меморандумда КРнын өзөктүк инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануунун түрдүү багыттары боюнча илимий-техникалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү каралган.