Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү. Министрлик бул каражатка Россиядан 15 миң тонна үрөн сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, вегетация, жазгы талаа иштери башталганга чейин алмаштыруучу жана жаңылануучу сорт үчүн 15 миң тоннага жакын үрөндү алып келип, бөлүштүрүп, дыйкандарга жеткирүү пландалууда.
«Үрөн сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка 15 миң тоннага жакын үрөн сатып алууну пландап жатабыз. Ал жерде беде, күн карама, буудай, арпа, буурчак, соя уруктары болот», – деди министр.
Мындан тышкары Жаныбеков Россияда айыл чарба үрөндөрүн өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, келишимдерге кол койгонун кошумчалады.