Дастан Иманалиев КРдагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу директору болуп дайындалды

Дастан Иманалиев КРдагы  Америкалык соода палатасынын Аткаруучу директору болуп дайындалды

2022-жылдын 17-январында Дастан Иманалиев Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын Аткаруучу Директору болуп ишине киришти. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады.

Палатанын Директорлор кеңеши мындай дайындоону уюмдун өнүгүүсүнө, анын ичинде Палатанын башка бизнес-ассоциациялар менен кызматташтыгын мындан ары чыңдоо, мамлекеттик бийлик органдарында, ЖКда, эл аралык жана коомдук уюмдарда Палатанын натыйжалуу өкүлчүлүгүн жогорулатуууга оң кадам деп эсептейт.

Дастан Иманалиев Америкалык соода палатасына келгенге чейин 2017-2021-жылдары Эл аралык ишкерлер кеңешинде (ЭИК) алгач юрист, андан кийин укуктук колдоо секторунун башчысы, андан соң 2020-жылдан тарта Аткаруучу директордун орун басары болуп иштеген.

Дастан Иманалиев Doing Business, Дүйнөлүк Банк Тобунун (2021) ыраазычылык сертификаттары менен сыйланган. 2015-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетин эл аралык жана бизнес укугу адистигин аяктаган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери