Бир айда 7.8 миң субъект ККМди колдонууга өттү

Бир айда 7.8 миң субъект ККМди колдонууга өттү

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча бир айдын ичинде 7 миң 809 чарба субъекти контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга өттү. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан 2022-жылдын 20-январына карата республика боюнча 32 миң 447 контролдук-кассалык машина колдонууда, анын ичинен 20 миң 831 – аппараттык жана 11 миң 616 – программалык ККМ.

Мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга жана ККМге өтүүгө чакырат.

  • Учурда ККМдин эки түрү колдонулат аппараттык жана программалык.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди Техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14.

Программалык ККМди орнотуу үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

«Ошондой эле, Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте коюлган POS терминалы бар заманбап кассалык машиналарды орнотуп жатканын белгилейбиз. Гибриддик ККМ акысыз берилет, аны алуу үчүн арыз менен иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылуу зарыл», – деп билдирди МСК.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери