Алтын казган ишкананын 2 кызматкери кар көчкүнүн астында калып, каза болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Такталган маалыматка ылайык, Кара-Буура – Чаткал унаа жолунда «Вертекс голд компани» ЖАКнын жумушчулары карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калгандыгы тууралуу кабарланган.
Куткарууга компаниядан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 100гө жакын кызматкерлер, ӨКМдан 5 куткаруучу тартылган. Саат 17:30 чамасында 1, саат 19:15 чамасында 1 эркек кишинин сөөгү табылган. Ведомстводон учурда алардын аты-жөнү такталып жатканын билдиришти.