2021-жылы Кыргызстанда 86.5 млн долларлык (учурдагы курс боюнча 7.3 млрд сом) беш инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Бул тууралуу инвестициялык агенттиктин (KADI) жылдык отчетунда айтылат.
Эң ири долбоорлор «Металл-Кен» металл прокат заводунун (50 млн доллар жана 500 жумушчу орун) жана Novotel беш жылдыздуу мейманканасынын (25 млн доллар жана 180 жумушчу орун) курулушу болгон.
Ошондой эле, «Муниципалдык шаардык транспортту жабдуу» (8 млн доллар) сыяктуу долбоорлор ишке ашырылып, анын алкагында 350 автобус алынып келинип, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Мындан тышкары, «Бут кийимдерди чыгаруу жана өндүрүү» (500 миң доллар жана 80 жумушчу орун) долбоорлору ишке ашырылган жана «Кант кызылчасын кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча кант заводу» (3 млн доллар жана 60 жумуш орду) ишке кирген.
Белгилей кетсек, бул долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында 1320 жумушчу оруну түзүлгөн.
«Металл-Кен» металл прокат заводу
Novotel беш жылдыздуу мейманканасы