Жыл аягына чейин мамлекеттик мекемелерди электромобилдерге өткөрүү керек

Жыл аягына чейин мамлекеттик мекемелерди электромобилдерге өткөрүү керек

Кызматтык унаалар көп болгондуктан, 2022-жылдын аягына чейин мамлекеттик мекемелерди электромобилдерге өткөрүү керек. Канчалык эртерээк болсо, экологияга ошончолук жакшы. Бул тууралуу кечээ, 19-январда Кытайдан келген электромобилдерди көрсөтүү учурунда Экономика жана коммерция министринин орун басары Жарасул Абдураимов билдиргенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ал белгилегендей, электр транспорту республика үчүн актуалдуу маселе катары каралат, анткени Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери эң булганган шаарлардын тизмесинде турат, ал эми экологиялык жагымсыз абалдын себептеринин бири автоунаалардан чыккан түтүндөр.

«Жыл сайын күйүүчү май сатып алууга көп каражат жумшалат. Абалды жакшыртуу үчүн электромобилдерди ишке киргизүү программасы иштелип чыккан. Ошондой эле электр кубаттоочу станциялар универсалдуу болуп, бардык унаага ылайыктуу болушу керек», – деди ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери