Жергиликтүү башкармалыктар 1-мартка чейин элетрондук документ жүгүртүүгө өтүш керек

Жергиликтүү башкармалыктар 1-мартка чейин элетрондук документ жүгүртүүгө өтүш керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 1-мартка чейин элетрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тапшырды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бул маселеге байланышкан жыйындын жүрүшүндө региондор жана айыл өкмөттөр боюнча «Infodocs», «e-kyzmat», «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта Президенттин Администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», – деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүнө карай аттестация жүрөт.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Жапаров электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча республиканын аймактарында окуу семинарларын өткөрүү иретинде президентинин Администрациясынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринен турган көчмө топторду уюштурууну тапшырды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери