Кыска мөөнөттүү божомолго ылайык, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасы бир айдын ичинде кайра көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргенин 24.kg кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, бензин – 4 сомго, дизель майы – 6 сомго чейин кымбаттайт. Бул Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда КММнын сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу болууда.
«Казакстандан мунай продуктуларын алып келүү мүмкүн эмес. Ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн коңшу республикада мунай азыктарын экспорттоого тыюу салынды», – деп айтылат ассоциациянын маалыматында.
КММ биржалык товар болуп саналат жана баалар мунайдын баасынын биржалык котировкасынан көз каранды. Эгерде 2020-жылдын декабрында Brent мунайынын бир баррели болжол менен 43-44 долларды түзсө (ноябрь айында 80 долларга жеткен), ICE биржасынын маалыматына ылайык, 2022-жылы 19-январда анын баррели 89.11 доллардан сатылды. Бул 2014-жылдын 13-октябрынан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат.