Ош 2021-жылы өрт кырсыгынан дээрлик 70 млн сомдук зыян тартты

Ош 2021-жылы өрт кырсыгынан дээрлик 70 млн сомдук зыян тартты

2021-жылы Ош облусунда күтүүсүз чыккан өрт кырсыктарынан келген зыяндын көлөмү 67.7 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болгонун түштүк борбордун мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында 2021-жылдын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында Жарандык коргонуу боюнча жыйын өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Берилген маалыматка ылайык, өткөн жылда Ош шаарында 93 өрт кырсыгы катталса, анын 58и жеке турак-жайларда, 17си соода жайларында, 11и автоунаа токтотуучу жайлардан жана автоунаалардан чыккан. Андан 67.7 млн сомдук материалдык зыян келтирилген. Өрткө каршы күрөшүү кызматтарынын жардамы менен 5.8 млн. сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Иш-чаранын жүрүшүндө профилактикалык иштерди алып барган бөлүмдүн иши айтылып, жарандардын өрт коопсуздугун сактоодогу кайдыгер мамилеси белгиленди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты 26 января 2023 г.    18:05
Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды — кубаттуулугу күнүнө 2 тонна 26 января 2023 г.    16:32
Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат — Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт 26 января 2023 г.    16:22
СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады 26 января 2023 г.    15:37
«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды 26 января 2023 г.    15:21
Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду — тизмеси 26 января 2023 г.    14:03
КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар — 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда 26 января 2023 г.    13:51
Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат 26 января 2023 г.    13:33
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери