Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирген болчу. Бирок ал өзүн күнөөлү деп эсептебейт. Бул тууралуу ал кечээ, 19-январда журналисттерге билдирди.
Айыпталуучу Адилет Кубанычбеков кармалганын негизсиз жана өзүн күнөөсү жок деп эсептейт.
Бул саясий буйрук болушу мүмкүнбү деген суроого «Менин кармалганым туура эмес», – деп жооп берди ал.
Эскерте кетсек, Бажы кызматынын жетекчилигине товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунун жашыруунун схемаларын колдонгон деген айып тагылып жаткан.
Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
- Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга ээлик кылган. «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик кызматкерлерге ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде Министрлер Кабинети же президенттин Аппараты деле буга көңүл бурган эмес.