Кыргызстанда акционердик коомдордо 10%дан 30%га чейин акцияларга ээ болуп, бирок ал тууралуу унутуп койгон кыргызстандыктар бар экенин кечээ, 19-январда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) директорлор кеңешинин төрагасы Тилек Эралиев билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк жарандар 90-жылдары менчиктештирүү мезгилинде акционердик коомдордун тең ээлери болуп калышкан. Тагыраак айтканда, мисалы, заводдун кызматкерлерине айлык акынын ордуна акциялар берилген. Натыйжада, кийин он миңдеген жарандар бул акцияларын унутуп калышкан.
«Азыр бизде акционердик коомдордо 10%дан 30%га чейин унутуп калган жарандарга тиешелүү акциялар бар болгон жагдай түзүлдү», – дейт Эралиев.
Ошондой эле, КФБнын президенти Медет Назаралиев 90-жылдардагы массалык менчиктештирүү учурунда акциялар өз кызматкерлерине сатылып кеткендигин, бирок финансылык сабаттуулуктун жоктугунан жарандар өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калышканын айтты.
«Учурда акционерлер же алардын мураскорлору КФБдан аларды сатуу же дивиденд алуу боюнча кеңеш алышса болот», – деди Назаралиев.