Жаңы Салык кодекси кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча күчөтүлгөн режимге өтүшкөнүн МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Бекитилген графикке ылайык, салык органдарынын «бирдиктүү терезелери», Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштешет.
Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр ушул жылдын 28-январына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына салык режимин тандоо жөнүндө арыз менен кайрылышы керек.
Салык режимин тандоо жөнүндө арыз берилбеген учурда салык төлөөчү жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.
Толук маалыматты 116 номеринен же жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.