Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик телеканалы Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстан павильону жөнүндө жетинчи ирет атайын репортаж жасады. Бул тууралуу КРнын Соода өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Аbu Dhabi TV телеканалынын журналисттери ата мекендик экспозициясына 19-январда келип кетишкен. Корреспонденттер БАЭнин кеңири аудиториясын интерактивдүү боз үй, улуттук тамак-ашты чагылдырган мультимедиялык стол, Кыргызстандын жаңы картасы, заманбап техниканы колдонуу менен элдик чыгармаларды аткаруунун музыкалдык проекциясы менен тааныштырды.
«Репортаж учурунда журналисттер эки ирет студия менен түз эфирге чыгып, бал продукциясына көңүл бурушту. Мындан тышкары, Кыргызстандын уникалдуу табиятына өзүнчө токтоло кетишип, өлкөнү көрүп кетүүнү сунушташты», – деп айтылат билдирүүдө.