2022-жылга коронавирус менен күрөшүүгө 705 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бул сумманын 525 млн сому калкты эмдөөгө, 170 млн сому «кызыл аймактын» ишин колдоого багытталат.
Мындан тышкары кризистен чыгуу үчүн 2 млрд сом каралганын министр кошумчалап кетти.