Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.
Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүп жатканын, аны актоо зарыл экендигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Самат Исабеков буга чейин 2021-жылдын июнь айынын башынан ушул эле жылдын октябрына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1996-жылдан бери бажы органдарында ар кандай оперативдүү кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарды да аркалап келген.
Ага чейин дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирген болчу.