Баткенге салынчу инвестицияларга мамлекет кепилдик берет

Баткенге салынчу инвестицияларга мамлекет кепилдик берет

Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КРнын башка аймактарында 3 млн доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн АКШ доллар инвестицияларга (башка аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аны менен бирге, мамлекет инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабараториялык изилдөөлөр кыскарган.

Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралган. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25 млн сом каралат.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине – дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери