Президент 2022-жылдын бюджетин бекитти — 282 млрд сом киреше күтүлүүдө

Президент 2022-жылдын бюджетин бекитти — 282 млрд сом киреше күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282.1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63.2%га же 109.2 млрд сомго көбөйгөн.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295.8 млрд сомду жана 312.2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291.2 млрд сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109.9 млрд сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303.5 млрд сомду жана 303.8 млрд сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9.1 млрд сомду же ИДПга карата 0.8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7.7 млрд сом же ИДПга карата 1% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8.3 млрд сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403.9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери